Публикациялар/Изилдөө долбоорлору

Айлана-чөйрө жана өнүгүү Борборунун булганган аба боюнча изилдөөсү

1-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Таза аба” мыйзам долбоорунун коомдук угуулары өткөрүлдү. Депутаттар менен министрликтер абанын булганышы боюнча мыйзамды иштеп чыгуунун алдында Кыргызстандагы абанын булганышы боюнча абал тууралуу адистердин пикирин угууну каалашкан. БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борбору депутаттарга 2018-жылдын жыйынтыгында Бишкек жана Ош шаарларындагы абанын булгануу булактары боюнча аналитикалык изилдөөсүн тартуулады.

Борбордун изилдөөсүнө ылайык, борбордо абанын булганышынын 3 булагы обочолонуп турат. Булар автотранспорт чыгарган газдар, үйлөрдү жылытууда жагылган катуу мунай жана чаң менен майдадисперстик бөлүкчөлөр (РМ 2,5, РМ10).

Баса акыркысы акыркы жылдарда көп кездешкен балдар жана чоңдор арасында дем алуу органдарынын (суук тийүү оорулары, астма, пневмония, аллергия) жана жүрөк кан-тамыр оорууларынын көбөйүшүнүн башкы себеби болуп саналат.

-Борбордо абанын булганышынын себептеринин бири а) Бишкекте автоунаа көп б) Бишкекте эски автоунаа көп. Борбордо катталган автоунаалардын саны 2013-жылдан 2018-жылга чейин 240 миңден 400 миңге чейин өскөн. Бул Лондондогу көрсөткүчтөн көп. Болгондо да 92% автоунаалар 10-15 жылдык же болбосо 15 жылдан да эски,- дейт БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборунун директору Рахат Сабырбеков.

Толук отчет менен таанышып алынызВоздух-РС.pdf (0 downloads)

Кыргызстандын үй чарбачылыктары пайдаланган күйүүчү майлар

Газ же көмүр, биомасса же электр кубаттуулугу? Кыргызстандын үй-чарбачылыктарынын күйүүчү майды тандоосуна эмне таасирин тийгизет? Эмне себептен түштүктө түндүктөн айырмаланып “таза” күйүүчү май колдонулат? Кыргызстандыктар кыштан кантип от жагып чыкмакчы? Ушул жана башка суроолорго БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борбору жооп издеп, бул багыттагы алгачкы изилдөө жүргүздү. Ага КРнын бардык аймактарынан 500 үй-чарбачылыктары катышты. Изилдөө “Келечекти бирге куралы” долбоорунун алкагында АКШнын Эл аралык кызматташуу боюнча Агенттигинин (ЮСАИД) каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.

“Тема абдан маанилүү. Бизде акыркы мезгилде электроэнергияны өндүрүү жана жеткирүү боюнча маселелер жаралган. Ошол эле учурда абанын булганышына байланышкан көйгөй курч бойдон калууда. Мамлекет чон танддонун алдында турган кези: арзан бирок экологияны бузган “кир” булактарды колдонуу (көмур жана биомасса) же “таза” бирок кымбат турган жана кол жеткис булактарды пайдалануу (электр кубаттуулугу жана газ)? Андыктан жакынкы келечекте биз чоң көйгөйлөргө кабылышыбыз мүмкүн”,- дейт БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборунун директору Рахат Сабырбеков. Ал эми экономисттер кандай тыянак чыгарып, эмнелерди сунуш кылат, биздин видеодон көрүп алсаңыз болот. КРнын Экономика министрлиги Кыргызстанды “күрөң” экономикадан “жашыл жолдорго” которууну каалайт. Быйыл ведомство өлкөнү “жашыл экономикага” өткөрүү боюнча концепция жана иш-чаралардын планын иштеп чыкмакчы.

“Автоунаалардын согушу: Бишкекте ким жана эмнеге жолдо жүрүү эрежелерин бузууда?”

2017-жылдын жайында Бишкекте жолдордогу абалдар боюнча заманбап илимий ыкмаларды колдонуу менен изилдөө өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 үлгү иштелип чыккан: биринчи үлгү милиция кызматкерлерине пара берүүнүн факторлорун аныктаса, экинчиси – жол кырсыкка кабылуунун факторлорун. Мындай изилдөө “Сорос-Кыргызстан” коомдук фондунун колдоосу менен ишке ашырылып отурат.

Изилдөө тууралуу толук билүү үчүн бул жерди басыңыз.

PAGE долбоору: Жашыл экономиканы изилдөөдө суроо-талаптарды баалоо. Кыргыз Республикасы

Айлана-чөйрө жана өнүгүү Борбору БААУнун Тянь-Шан аналитикалык борборунун колдоосу менен Жашыл экономиканы изилдөөдө суроо-талаптарды баалоону жүргүзүүдө. Бул Жашыл Экономика боюнча Кыймылдар (PAGE) үчүн Өнөктөштүктүн демилгеси менен каржыланган. Баалоо саясатчылардын чечүүчү секторлордо (таза энергия, туруктуу айыл чарбасы, туруктуу жеке каржы) жана академиялык чөйрөдө суроо-талаптарын изилдөөгө багытталган.

Баалоо методологиясы UNITAR тарабынан иштелип чыккан жана жергиликтүү кызыкдар дамдар менен изилдөө командалары тарабынан жактырылган методикалык инструкцияга негизделген.

Баалоо үчүн маалыматтар тиешелүү саясий документ жана отчетторду аналитикалык кароодон өткөрүлүп, саясатты иштеп чыгуу менен алектенген кишилерди анкета толтуруу жана жеке жактар менен маектешүү, жашыл экономиканын темасына дал келген университеттердеги окуу программалары аркылуу чогултулат.

Аталган долбоор менен байланышкан иш-чаралар:

  • Саясаттты иштеп чыккан жактар менен жашыл экономиканын приоритеттерин иликтөө боюнча тегерек стол
  • КРнын банктарынын Кеңеши жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен туруктуу каржылардын рыногунун абалын изилдөө боюнча тегерек стол
  • ЖОЖ, министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жашыл экономикага окутуу боюнча приоритеттерди талкуулоого арналган семинар-конференция

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *