Биздин команда

Сабырбеков Рахат

Рахат Сабырбеков БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборунун (ЦОР) директору болуп саналат. Ал экосистемалык кызматтар боюнча өкмөт аралык платформанын жана био ар тараптуулукту баалоо боюнча отчеттун автору катары белгилүү. Анын изилдөөчүлүк кызыгуусу – бул экосистемалык кызматтар, жаратылыш капиталы жана жаратылыш ресурстарын башкаруу. Ошондой эле Норвегиянын табигый илимдер университетинин Экономика жана Бизнес мектебинде доктордук диссертацияны жактаган жана БААУнун экономика факультетинде окутуучу болуп эмгектенет. Магистр даражасына Улуу Британиянын Бирмингем университетинде ээ болгон.

Байланыш үчүн: sabyrbekov_r@auca.kg

Касымов Улан

Улан айыл чарба экономикасы тармагында доктор даражасына Гумбольдт атындагы Берлин университетинде ээ болгон. Учурда ал аталган окуу жайдын жаратылыш ресурстарынын экономикасынын илимий-изилдөө тобунда кызматкер катары иштеп, БААУнун экономика факультетинде сабак өтөт. Уландын негизги кызыгуусу институционалдык экономика, экологиялык менеджмент жана айылдык аймактарды өнүктүрүүдө жатат. Анын акыркы изилдөөлөрүндө негизги көңүл климаттын өзгөрүшүн бат сезген бөтөнчө жерлерди башкаруу жана Борбор Азиядагы институционалдык өзгөрүүлөргө бөлүнөт.

Кудабаев Зарылбек

Зарылбек Кудабаев өзүн жакшы тараптан көрсөткөн БААУнун доценти, окутуучулук жана изилдөөчүлүк чоң тажрыйбага ээ адис болуп саналат. Профессор Кудабаев көптөгөн изилдөө долбоорлорун, анын ичинде ири Эл аралык программаларды жетектеп, улуттук саясаттын бир катар демилгелерине салым кошкон. Кыргыз Өкмөтү ага экономикалык маселелер же саясий демилгелер боюнча акылдашуу же эксперттик оюн билүү максатында дайыма кайрылып турат. Профессордун илимий кызыгуусу – бул Жакырчылык жана Өнүгүү, Туруктуу Экономикалык Өсүү.

Байланыш үчүн:kudabaev_z@auca.kg

 

Муктарбек кызы Акылай

Муктарбек кызы Акылай Норвегиянын табигый илимдер университетинин Экономика жана Бизнес мектебинде докторлук даражанын өтүнмө ээси болуп саналат. Экономика боюнча магистр даражасын Будапешттеги Борбордук-Европалык университетинде алган. КРнын Улуттук банкынын экономикалык изилдөөлөр Борборунда консультант болуп саналат. Акылайдын изилдөөчүлүк кызыгуусу өнүгүүнүн экономикасы жана ар кандай өнүгүү программаларынын таасирлерин баалоо болуп эсептелет.

Байланыш үчүн:muktarbek_a@auca.kg

 

Нургазиев Майрамбек

Майрамбек экономика боюнча докторлук даражаны 2010-жылы Германиядагы Юстус Либихтин Гисен университетинде. Ошондой эле ал экономика боюнча магистр даражасына Кыргыз улуттук агрардык университетинде ээ болгон. Анын негизги изилдөөчүлүк кызыгуусу болуп айыл-чарба насыялары жана айыл аймактарын өнүктүрүү болуп саналат. Ал БААУнун Экологиялык менеджмент жана Туруктуу Өнүктүрүү факультетинде сабак берет.

Нуриева Гульнара

Гульнара экономика факультетинде улуу окутуучу болуп эмгектенет. Магистр даражасына Москва мамлекеттик университетинде ээ болгон. Ал окутуу жана изилдөө долбоорлорунда чоң тажрыйбага ээ. Курчап турган айлана-чөйрөгө байланышкан маселелер  боюнча бир нече эмгектердин авторлошу болуп саналат. Анын изилдөөчүлүк кызыгуусу өзүнө жаратылыш ресурстарын башкаруу жана айлана-чөйрөнү камтыйт.

Байланыш үчүн: nurieva_g@auca.kg

Укуева Нургуль

Нургуль экономика боюнча PhD даражасын АКШнын Дьюк университетинде алган. Магистр даражаларын АКШнын Дьюк жана Темпл университеттеринде алган. Анын адистик тармактары өнүгүүнүн экономикасы, эл аралык экономика, экономикалык өнүгүү болуп саналат. Анын акыркы изилдөөлөрүндө негизги көңүл эмгек миграциясы, жогорку квалификациялуу кызматкерлер жана өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн акча которуулардын таасирлерине бурулат. Ошондой эле ал Борбор Азиядагы аялдардын эмгек акысындагы айырмачылыктарды жана аялдардын эмгектенүүсүнүн факторлору менен өзүн-өзү иш менен камсыз кылуусун иликтейт. Нургуль Европалык Комиссиянын TACIS Программасынын, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү Департаментинин, Азиялык Өнүктүрүү Банкынын, БУУ-Аялдар жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы уюштурган изилдөө долбоорлорунда консультант катары иш тажрыйбага ээ. Мындан тышкары Эл аралык валюта фондунун алдыңкы изилдөөлөрүнүн стипендианты, CERGE-EI Фондунун стипендианты, “Ачык коом” Институнун академиялык стипендианты, Дьюк университетинин Жогорку Мектебинин стипендианты, Эдмунд Маск Академиясынын аспиранттарынын стипендианты, ОБСЕнин Академиясынын стипендианты болуп саналат.

Нургуль Укуева БААУнун Экономика кафедрасын да башкарат.

Байланыш үчүн: ukueva_n@auca.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *