Экономика программасынын окутуучулары колдонмо изилдөөлөр менен активдүү алектенишет. Изилдөө иштери боюнча толук маалымат алуу үчүн БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборунун (ЦОР) сайтына баш багыңыз:
БААУнун Экономика департаментинин Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борбору (ЦОР) экономикалык жана социалдык өнүгүү тармагында түрдүү актуалдуу изилдөөлөр менен алектенет.
Изилдөө тармактары
Ушул тапта Айлана-чөйрө жана өнүгүү Борбору төмөнкү тармактарда иш алып барат:
- Жакырчылык жана Өнүгүү
- Жашыл экономика
- Жаратылыш ресурстары жана Курчап турган айлана-чөйрө
- Миграция жана мигранттардын акча которуулары
- Энергетикалык ресурстар
- Суу ресурстары
- Жаратылыш ресурстарын башкаруу
- Шаардык изилдөөлөр
Бул тармактардын алкагында Борбордун командасы GIZ, PAGE, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча Агенттиги, ПРООН жана кээ бир чет элдик университеттер менен биргеликте Эл аралык долбоорлорго да катыштыгы бар