КРнын ЖОЖдорунун “жашыл” Альянсы түзүлдү – анын демилгечиси БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борбору

20-июнда БААУда 10 ЖОЖдун катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Анда КРнын ЖОЖдорунун жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү үчүн Альянсын (АВЗУР) түзүү чечими кабыл алынды. Биздин окуу жай жөн гана конокторду кабыл алып, жолугушууну уюштурбастан, университеттер аралык мындай “жашыл” платформаны түзүүнүн демилгечиси болду.

Мындай альянсты түзүү идеясы БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборуна келген. Калган ЖОЖдор – жолугушуунун катышуучулары бирикмени түптөөнү толук колдошуп, тегерект столдун жүрүшүндө мындай аянтты түзүү зарылчылыгы мурда эле жаралганын бир нече ирет баса белгилешти. Тегерек столго БААУдан тышкары АГУПКР, КНАУ, КГУСТА, КРСУ, КЭУ, УЦА, МУК, КГЮА, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер Институту катышышты.

 

 

 

 

 

 

Кубандырганы альянсты түптөө боюнча иш-чара жана аны талкуулоо – кандайдыр-бир Эл аралык донордун бир бөлүгү эмес, а Кыргызстандын окуу жайларынын оздөрүнүн демилгеси.

Кыргызстандык окуу жайлар жана изилдөө борборлоруна экология, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүүнүн маселелерин иликтеген окутуучулар менен изилдөөчүлөр акыркы кабарлар, китептер жана изилдөөлөрү менен өз ара алмашкан илимий-маалыматтык платформа абдан зарыл. Платформанын базасында университеттер аралык изилдөө командаларын түзүү жана түрдүү окуу жайдын окумуштууларын тартуу менен ири изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга болот.

Мындан тышкары, келечекте альянс жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү тармагында КРнын өнүгүү стратегиялары менен башка маанилүү мамлеккеттик документтерди жана саясаттарды иштеп чыгууда илимий колдоо көрсөтүү менен университетттер жана мамлекеттик органдарды байланыштыруучу звено болуп калуусу да мүмкүн.

Тегерек столго катышкан КРнын Экономика министрлигинин өкүлү белгилегендей, малекет кабыл алып жаткан чечимдер сапаттуу жана илимий жактан негиздүү болуусу үчүн алардын ведомствосу түрдүү экономикалык документтерди иштеп чыгууда комментарийлерге муктаж. Ошондуктан Экономика министрлиги альянстын түптөлүшүн колдоого алды жана ЖОЖдорго ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Платформаны бардык каалоочулар көрө ала тургандай ачык кылуу пландалууда. Ал эми маалымат анын мүчөлөрүнө жеткиликтүү болмокчу. Аянттын формасы боюнча ушул тапта талкуулар жүрүүдө: альянска жаңы маалыматтык сайт жасалабы же маалыматтар учурда иштеп жаткан кандайдыр-бир веб-порталга жайгаштырылабы? Же болбосо таратуу жолу менен жайылтылабы жана башка ушул сыяктуу.

Жолугушуунун жыйынтыгында резолюция даярдалып, альянстын катышуучуларына бекитүү үчүн кол коюга жөнөтүлдү. ЖОЖдорунун жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү үчүн Альянсынын (АВЗУР) Катчылыгы катары БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борбору шайланды. Анын жетекчиси Рахат Сабырбеков маалымдагандай, алдыда альянстын кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарын иштеп чыгуу, платформаны түзүү, илимий-практикалык конференция уюштуруу иштери бар.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *