“Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү: илимий-изилдөө дараметин өнүктүрүү” тегерек столуна чакырабыз

БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борбору жана Экономика министрлиги Сизди “Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү: илимий-изилдөө дараметин өнүктүрүү” тегерек столунун ишине катышууга чакырат.

Кыргыз Республикасы 2012-жылы БУУнун “РИО+20” туруктуу өнүгүү Конференциясында жашыл экономиканын приоритеттери аркылуу туруктуу өнүгүүнү карманарын билдирген. Туруктуу өнүгүү адамдын жашоо-шартынын сапатын жакшыртуу, социалдык адилеттүүлүк, экологиялык таза технология менен инновацияларды кенен колдонуу жана ресурстарды эффективдүү пайдалануу үчүн зарыл.

Экономика министрлиги Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү катары жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелерин алга жылдыруу боюнч түрдүү демилгелерди көтөрүп, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу менен активдүү алектенүүдө.

Илимий негизделген саясатты иштеп чыгууда эксперттик жана илимий коомчулуктун катышуусу маанилүү экенин эске алуу менен БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борбору мамлекеттик органдар, жергиликтүү окуу жайлар, илимий институттар жана Эл аралык уюмдурдын катышуусунда тегерек стол уюштурмакчы.

Иш-чаранын максаты – туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика тармагында иш алып барган окуу жайлар жана изилдөө уюмдарынын ортосунда жаратуу диалогун камсыздоо үчүн илимий-изилдөө дараметинин келечекте өнүгүүсүн талкуулоо.

Тегерек стол 2019-жылдын 20-июнунда саат 13:30дан 16:30га чейин Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6 дареги боюнча жайгашкан БААУнун 4-кабатындагы 410-аудиториясында өткөрүлөт.

Иш-чарага катышууну тастыктооңузду 18-июнга чейин lazutkina_m@auca.kg электрондук дареги аркылуу тастыктооңузду өтүнобүз. Кошумча малымат 0555 11 55 40 телефону аркылуу (Маргарита Лазуткаина).

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *