“Кыргызстандын үй-чарбачылыктарынын чачынды жана таштандыларын кантип азайтуу керек?”

06.03.2019

Чакыруу каты

БААУнун Айлана-чөйрө жана өнүктүрүү Борбору Сизди Кыргызстандын үй чарбачылыктарынын таштандыларын азайтуу (катуу мунайзатын колдонуу, жеке автоунааны пайдалануу, күнүмдүк таштандылар жана башка) жана азыктарды экологиялык керектөө боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу жана талкуулоого арналган тегерек столго катышууга чакырат.

Тегерек стол 2019-жылдын 18-мартында саат 15:00дөн 17:00го чейин БААУнун 1-кабатындагы G 28 аудиториясында өткөрүлөт.

Үй чарбачылыктар дүйнөдө чачындылардын (таштанды жана парник газдары) башкы булагы болуп саналат. Биринчиден, үйдү жылытуу үчүн жылуулукту, жарыктыкты жана транспорттуу колдонуулардын аркасында көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгарылат. Экинчиден, кыйыр түрүндө – азыктарды жана кызматтарды сатып алуу аркылуу.

Кыргыз Республикасы табиятты сактоо боюнча бир катар Эл аралык келишимдерге кол койгон. Алсак, Туруктуу өнүгүү тармагындагы максаттар (ЦУР). Ушул эл аралык милдеттемелердин баары көмүр кычкыл газын болүп чыгарууну кыскартуу боюнча саясий чараларды талап кылат. Тилекке каршы өкмөттүн үй чарбачылыктарынын таштандылары жана аларга таасир эткен жагдайлар тууралуу маалыматы жок. Андыктан эгер Кыргызстан Туруктуу өнүгүү тармагындагы максаттардын (ЦУР) шарттарын аткарам десе, анда үй чарбачылыктарынын таштандыларынын анализи жана туруктуу керектөө боюнча саясатты иштеп чыгуу зарыл.

Тегерек столдо чарбачылыктардын  чачындылары, азыктарды керектөө талкууланат. Ага министрилктер менен ведомстволордун өкүлдөрү, Бей өкмөт уюмдар, изилдөө уюмдары жана актвивисттер чакырылган.

Отурумдун жыйынтыгында Кыргызстандын үй чарбачылыктарынын чачынды жана таштандыларын азайтуу боюнча сунуштарды тузүп, коомчулукка жайылтылып, мамлекеттик органдарга таратуу пландаштырылган. Ошондой эле иш-чаранын жыйынтыктары илимий иш жана таштандыларды азайтуу боюнча саясатка сунуштарды жазуу үчүн пайдаланылмакчы.

Тегерек столго катышууңузду 2019-жылдын 15-мартына чейин 0 555 11 55 40 (Маргарита) телефону же lazutkina_m@auca.kg электрондук дареги аркылуу тастыктооңузду өтүнөбүз.

Иш-чаранын программасы:

15:00 15:10   Катышуучуларды каттоо. Welcome coffee

15:10 15:20   БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүктүрүү Борборунун директору Рахат Сабырбековдун киришүү созү. Максаттар, маселелер, иш-чаранын форматы

15:20 15:30   Катышуучулардын бири-бири менен таанышуусу

15:30 16:50   Иш-чаранын темасы боюнча талкуулар.

16:50 – 17:00   Жыйынтык чыгаруу, корутунду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *