Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборунун булганган аба боюнча изилдөөсү Жогорку Кеңеште угузулду

1-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Таза аба” мыйзам долбоорунун коомдук угуулары өткөрүлдү. Депутаттар менен министрликтер абанын булганышы боюнча мыйзамды иштеп чыгуунун алдында Кыргызстандагы абанын булганышы боюнча абал тууралуу адистердин пикирин угууну каалашкан. БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борбору депутаттарга 2018-жылдын жыйынтыгында Бишкек жана Ош шаарларындагы абанын булгануу булактары боюнча аналитикалык изилдөөсүн тартуулады.

Борбордун изилдөөсүнө ылайык, борбордо абанын булганышынын 3 булагы обочолонуп турат. Булар автотранспорт чыгарган газдар, үйлөрдү жылытууда жагылган катуу мунай жана чаң менен майдадисперстик бөлүкчөлөр (РМ 2,5, РМ10).

Баса акыркысы акыркы жылдарда көп кездешкен балдар жана чоңдор арасында дем алуу органдарынын (суук тийүү оорулары, астма, пневмония, аллергия) жана жүрөк кан-тамыр оорууларынын көбөйүшүнүн башкы себеби болуп саналат.

– Борбордо абанын булганышынын себептеринин бири а) Бишкекте автоунаа көп б) Бишкекте эски автоунаа көп. Борбордо катталган автоунаалардын саны 2013-жылдан 2018-жылга чейин 240 миңден 400 миңге чейин өскөн. Бул Лондондогу көрсөткүчтөн көп. Болгондо да 92% автоунаалар 10-15 жылдык же болбосо 15 жылдан да эски,- дейт БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборунун директору Рахат Сабырбеков.

БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборунан тышкары депутаттар Курчап турган Айлана-чөйрөнү сактоо боюнча Мамлекеттик агенттик,  КРнын Токой чарбасы, Саламаттыкты сактоо министрлигин алдындагы “Профилактикалык медицина” илимий-өндүруштүк бирикмесинин жана Экологиялык фонддун маалыматтарын угушту.

Угууларга кайдигер эмес жарандар да катышты. Атайын келип катышып, жөндүү сунуштарын айткандардын арасында Move Green коомдук бирикмесинин директору Мария Колесникова да болду.

Өз кезегинде депутаттар Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте абанын булганышы чоң көйгөйгө айланып баратканын айтышып, “Таза аба” мыйзам долбоору даярдалып, тиешелүү айрым мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилерин билдиришти. Угууларда тартууланган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жаңы мыйзам долбоордун негизин түзөт.

– Бишкекте көйгөй көп: автоунаадан бөлүнүп чыккан газдар, чаң, көмурду керектөо, оор металлдар, формальдегид, диоксиддин бөлүнүүсү… Бизге таза аба керек! Бирок мыйзамдарга толуктоолорду киргизүү, жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуудан мурда изилдөө борборлоруна кайрылуу керек. Эксперттик колдоо кажет. Мына биз ушундай жол туттук. “Таза аба” долбоорун утурлай өлкөнү калыбына келүүчү энергия булактарына өткөрүү, электромобилдерди жана электрдик коомдук транспортторду көбөйтүү сыяктуу чараларды көрүү зарылчылыгы жаралгандай. Бул эми мэрияга тапшырма,- деди ЖКнын депутаты Абдывахап Нурбаев.

Толук отчет менен таанышып алыңыз Воздух-РС.pdf (47 downloads)

Угуулар жөнүндө маалымат булактары эмне деп жазгандарын окуңуз:

https://kaktus.media/doc/387774_v_kyrgyzstane_razrabotaut_zakonoproekt_dlia_zashity_naseleniia_ot_griaznogo_vozdyha.html

http://infomir.kg/2019/03/06/v-kyrgyzstane-razrabotayut-zakonoproekt-dlya-zashhity-naseleniya-ot-gryaznogo-vozduha/

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *