БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борбору (ЦОР) экономикалык жана социалдык өнүгүү тармагында түрдүү актуалдуу изилдөөлөр менен алектенет.

  • Учурдагы жана жаңы сунушталып жаткан демилге жана саясаттарды заманбап илимий ыкмаларды колдонуу менен баалоо
  • Актуалдуу маселелер боюнча изилдөө жүргүзүү
  • Өлкө жашоочулары үчүн ачык үйрөтүүчү иш-чараларды өткөрүү

  • Өнүктүрүү боюнча мамлекеттик долбоорлорго илимий базаны камсыздоо
  • Окутуу жана тренингдер аркылуу дараметти көтөрүү программаларын ишке ашыруу
  • Мамлекеттик жана жеке уюмдарга консультациялык кызматтарды көргөзүү

  • Илимий изилдөөлөрдү өткөрүү жана аларды жарыялоо
  • Илимий-изилдөө жана билим берүү ишмердүүлүгү үчүн илимий колдонмолорду иштеп чыгуу
  • Аймакта илимдин өнүгүшү үчүн илимий форум жана конференцияларды уюштуруу

Ушул тапта Айлана-чөйрө жана өнүгүү Борбору Жакырчылык жана Өнүгүү, Жашыл экономика, Жаратылыш ресурстары жана Курчап турган айлана-чөйрө, Миграция жана мигранттардын акча которуулары, Энергетикалык ресурстар, Суу ресурстары, Жаратылыш ресурстарын башкаруу, Шаардык изилдөөлөр тармактарда иш алып барат.

Борбордун командасы жашыл экономика жана туруктуу онугуу учун университеттер альянсынын секретариаты болуш шайланган. көбүрөөк билүү

Айлана-чөйрө жана өнүгүү Борбору студенттер, мамлекеттик кызматкерлер, дегеле коомчулуктун калың катмары үчүн жашыл экономика жана туруктуу өнүгүүнүн маселелери боюнча түрдүү окутуу лекция, семинар жана конференцияларды өткөрүп келет. Иш-чаралар тууралуу билүү. 

Борбордун командасы GIZ, PAGE, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча Агенттиги, ПРООН жана башка чет элдик университеттер менен биргеликте Эл аралык долбоорлорго да катыштыгы бар. көбүрөөк билүү

Рахат Сабырбеков

Борбордун Директору

Рахат Сабырбеков БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборунун (ЦОР) директору болуп саналат. Ал экосистемалык кызматтар боюнча өкмөт аралык платформанын жана био ар тараптуулукту баалоо боюнча отчеттун автору катары белгилүү. Анын изилдөөчүлүк кызыгуусу – бул экосистемалык кызматтар, жаратылыш капиталы жана жаратылыш ресурстарын башкаруу. Ошондой эле Норвегиянын табигый илимдер университетинин Экономика жана Бизнес мектебинде доктордук диссертацияны жактаган жана БААУнун экономика факультетинде окутуучу болуп эмгектенет. Магистр даражасына Улуу Британиянын Бирмингем университетинде ээ болгон.

 

  • sabyrbekov_r@auca.kg

Акылай Муктарбек кызы

Илимий ишкер

Муктарбек кызы Акылай Норвегиянын табигый илимдер университетинин Экономика жана Бизнес мектебинде докторлук даражанын өтүнмө ээси болуп саналат. Bзилдөөчүлүк кызыгуусу – өнүгүүнүн экономикасы жана ар кандай өнүгүү программаларынын таасирлерин баалоо.  

  • muktarbek_a@auca.kg

Биз менен байланышыныз

 Борбор Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, 316-бөлмө 
Бишкек, Кыргызстан 720060 

Тел.: +996 312 915 000 (кошумча номур 470)